Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Эмне үчүн Борбордук Азияны изилдөө боюнча магистридик программасын (MACAS) тандоо керек?

Эмне үчүн Борбордук Азияны изилдөө боюнча магистридик программасын (MACAS) тандоо керек?

Студенттер маанилүү

MACAS студенттерине өзгөчө билим алуу тажрыйбасын сунуштайт. Программанын чакан болушу студенттер менен профессорлордун башка бөлүмдөргө салыштырмалуу өзгөчө тыгыз иш алып баруусуна шарт түзөт. Ар бир студент ар түрдүү дисциплиналарда иш алып барган окумуштуулардан жеке көңүл бурууну алат.

"Чек арасыз" билим жана көндүмдөр

MACAS окутуучулары ар түрдүү көз караштарды программаны өркүндөтүү үчүн бириктирет. Программада адабият, антропология, тарых жана саясат сыяктуу ар түрдүү тармактарда адистешкен окумуштуулар сабак беришет. Бул ыкма студенттерге бир катар академиялык тармактарда керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана ар түрдүү илимий багыттар боюнча терең билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Борбордук Азияны Борбордук Азияда изилдөө

MACAS студенттерине Борбордук Азияны ошол эле аймакта изилдөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул программанын алкагында студенттер региондун тарыхын жана саясатын класста үйрөнүп, андан соң аны чыныгы маданий жана тилдик чөйрөдө байкоо аркылуу бекемдей алышат.

Глобалдык байланыштар

MACAS программасы эң мыкты студенттерине Индиана университетинин (Блумингтон) Борбордук Евразия изилдөөлөрү бөлүмүндө же Ачык Коом Университет Тармагынын (OSUN) өнөктөш университеттеринде бир семестр окуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Ошондой эле, MACAS студенттери OSUN өнөктөш мекемелеринде 30-120 күнгө чейин изилдөө жүргүзүү үчүн стипендияга арыз тапшыра алышат.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028