Эмне себептен БААУнун социология факультети тандоого татыктуу?

Эмне себептен БААУнун социология факультети тандоого татыктуу?

13&Բ;февраля&Բ;2025

#социология#sociology#soc

Сиз биздин көз-караштар кантип калыптанарын билесизби? Эмне себептен кээ бирлер башкалардан ийгиликтүүрөөк болот? Өзүңүздү, эмоцияларыңызды жана айлана-чөйрөдөгү адамдардарды түшүнүүнү кантип үйрөнүү керек? Эмнеге айрымдар өсүп-өнүгөт, а башкалар жок? Социология коомдун жашыруун механизмдерин ачыктап, курчап турган айлана-чөйрөнү түшүнүүгө жардам берет.

Социологиялык изилдөөлөр реалдуулукту өзгөртөт: дискриминация тууралуу маалыматтар укук коргоо кыймылдарынын негизи болуп калды, ал эми Facebook менен Netflix социологдордун билимдерин контентти персоналдаштыруу үчүн пайдаланып келишет. Социологдор компанияларга адамдарды түшүнүүгө жардам берет: эмне себептен биз сатып алууларды ишке ашырабыз, бизди эмне шыктандырат, кандай тренддер эмки глобалдык феномен болушат. Алар социалдык түйүндөрдүн, Big Data жана жасалма интеллекттин күнүмдүк жашоого тийгизген таасирин иликтейт.

Социологдун карьерасы – бул ар дайым чексиз мүмкүнчүлүктөр, анткени социология – учурдагы жана келечектеги чоң суроо-талапка ээ болгон кесиптердин бири.

Социология факультетинин бүтүрүүчүлөрү адатта кайда эмгектенишет?:

  • Бизнес жана маркетинг – керектөөчүлөргө анализ жасоо, сатуулардын ийгиликтүү сратегиялары.
  • Медиа жана байланыштар - тренддерди жаратуу, коомдук ой-пикирди калыптандыруу.
  • Аналитика жана изилдөөлөр - социологиялык сурамжылоолор, келечекти божомолдоо.
  • Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар - адам укугу, билим берүү, өнүктүрүү.
  • Мамлекеттик башкаруу - экономикадагы реформалар, билим берүү, саламаттыкты сактоо.

БААУда социология: Эмне үчүн бул мыкты тандоо?

  • Акысыз окутуу! Кабыл алуу сынактарында жогорку упайга ээ болгон абитуриенттер 4 жыл бою билим алууга 100% арзандатуу алышат.
  • Эл аралык даражадагы диплом - англис тилинде окутуу, дүйнө жүзү боюнча эмгектенүү мүмкүнчүлүгү. АКШнын Бард колледжинин диплому сизге Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө Эл аралык компанияларда иштөөнү камсыздайт.
  • Практика жана изилдөөлөр – студенттер реалдуу долбоорлордо иштешет, маалыматтарды анализдешет, сурамжылоолорду жүргүзүшөт жана актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү иликтешет.
  • Эл аралык тажрыйбага ээ жана дүйнөлүк деңгээлде изилдөөлөрдү жасаган окутуучулар.
  • Тажрыйба арттыруу жана өнөктөштүк программалар – дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө билим алуу үчүн алмашуу программасынын негизинде семестр окуп келүү, билим алуу учурунда ири компанияларда жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштөө.

Келечек социологдордуку!

Тынымсыз өзгөрүп турган ааламда коомдук процесстерди түшүнгөн жана келечекти айтып бере алгандар суроо-талапка ээ болушат. Дүйнөгө таасир эткиңиз келеби? БААУда социологияны тандаңыз!

Биздин катарыбызга кошулуңуз жана реалдуулукту өзгөрткөн кесипкөй болуңуз!

Социология факультетинде өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды! БААУнун бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Сурап-билүү телефону: +996 507 31 85 70;

Электрондук дарек: soc@auca.kg;

Сайт:

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028