22&Բ;апреля&Բ;2025
Өткөн аптада БААУнун китепканасы “Ала качуу: кезек бизде” тасмасынын көрсөтүүсүн уюштурду. Иш-чарага БААУнун жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери катышты.
Көрүүчүлөрдүн алдына тасманын авторлору, режиссёрлору Султан Усувалиев жана Нуржамал Карамолдоевалар чыгып сөз сүйлөштү.
Султан Усувалиев тасманын жаралыш тарыхы, авторлордун ала качуу көйгөйүнө мамилеси жана коомдун реакциясы тууралуу айтып берди. “Ала качуу массалык мүнөзгө качан айланганын биз өзүбүз да билбейбиз. Бул көйгөйдү козгогон, мектеп жана университтете көрсөткөн тасма керек эле. Андыктан тасманы көрсөтүү университетте ишке ашып жатканына кубанычтамын - бул биз үчүн чоң сыймык”,- деп белгиледи ал.
Нуржамал айым бул ала качуу практикасын иликтеген экинчи тасма экенин билдирди. “Ала качуу: кезек бизде” тасмасында биринчи тасмада берилген суроого жооп айтылат. Эске салсак, биринчи тасма “Ала качуу: кезек кимде?” деп аталат. Ар бирибиз уурдоонун күбөсү же катышуучусу болуп калышыбыз мүмкүн. Тасманын авторлору үчүн логикалык уланды катары “Ала качуу чынында биздин салтпы?” деген суроо жаралды. Мындай практика нормага кантип айланды, качан жаңылыштык кетти?
“Биз күзгүгө кароодон коркпошубуз керек. Биз өз тарыхыбызды, өз тамырыбызды, эмне себептен мындай көрүнүш орун алганын билишибиз керек. Биздин жаштар жакшы мамиле түзүп, өз каалоолору менен үй-бүлө курууга татыктуу. Биздин жаштар - бул силерсиңер. Силер сый-урматка, сүйүүгө татыктуусуңар”,- деп белгиледи Нуржамал Карамолдоева.
Иш-чаранын катышуучуларын БААУнун президенти Тимоти О'Коннор да жылуу тосуп алды. Бул тема ал үчүн жеке мааниге ээ экенин, кыздары менен неберелери тууралуу ойлонгонун айтты. Кеп Кыргызстан жөнүндө болуп жатса да, кыз-келиндерге карата мамиле жасоо көйгөйү бүт дүйнө жүзүндө актуалдуу эмеспи.
“Тасманын өзгөчөлүгү анын көйгөй тууралуу маанилүү кепти баштоого, ой жүгүртүүгө, акыл калчоого мүмкүнчүлук бергендигинде. Унчукпоо эч нерсеге алып келбейт. Кайдигерлик жана үн катпоо эмнеге алып келет? Бул тажрыйба тагдырларды талкалайт жана кээ бир учурларда трагедияга алып барат”,- деди БААУнун президенти.
“Ала качуу: кезек бизде” тасмасы билим берүү максатында жаратылган, тактап айтканда студенттерге жана мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына багытталган. Тасмада эксперттер менен маектер берилген. Алар ала качууга байланышкан актуалдуу жана курч маселелерди ар кандай өңүттө анализдешет: тарыхий, гендердик жана юридикалык жактан. Кыздардын уурдалгандардын колунда калуусунун, уурулардын тааныш эмес кыздарды ала качуусунун себептери каралып, ала качуудан сактануу жолдору айтылат.
Тасманын аягында статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, Кыргызстандагы гендердик теңчиликтин баяндоосу боюнча 2024-жылы 14 293 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталып, бул 2023-жылдан 37% көп. Кыргызстанда никелердин 20% ала качуу жолу менен түзүлөт. Тасманын жүрүшүндө айтылып жаткан “Кезекте ким?” суроосу чынында абдан маанилүү жана жүрөк ооруткан суроо. Анткени кезекте сиз болуп калышыңыз толук ыктымал...
Тасма ачык көрүүгө чыгарылып, YouTube платформасына жүктөлдү.