Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ жаңылыктары

Results: 4459

13
Jan
2023
 
Фарзана Абдилашимова: «БААУ бүгүнкү күндөгү менин калыптанышымда чечүүчү роль ойноду»
Фарзана Абдилашимова 2019-жылы БААУнун Социология бөлүмүн аяктаган. Окууну бүтүргөндөн кийин, академиялык жолун улантып, Борбордук Европа университетинде магистратурага тапшырып, учурда БУУнун аялдар үчүн программасынын Кыргызстандагы "Spotlight Initiative" программасында долбоор боюнча адис болуп иштейт. Бул маекте Фарзана БААУдагы эң жакшы учурларын жана карьера жолундагы тажрыйбасын бөлүшөт.
12
Jan
2023
 
Жамиля Асанова: «БААУ — бул чындап эле жалгыз калбай турган жер»
Жамиля Асанова 2022-жылдын май айында Журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин, ал билим алууну улантууну чечип, Будапешттеги Корвинус университетинде магистратура программасына өткөн. Жамиля Stipendium Hungaricum программасына катышып, Кыргызстан боюнча тандалган мыкты студенттердин катарына кирген.
11
Jan
2023
 
Дастан Иманалиев: «БААУдагы студенттик жылдарым унутулгус болду»
Дастан Иманалиев 2015-жылы БААУнун Эл аралык жана бизнес укугу бөлүмүн аяктаган. Бакалавр даражасын алгандан кийин карьера жолун баштап, учурда Кыргызстандагы Америка Соода палатасынын директору болуп иштеп жатат. Бул маекте Дастан БААУдагы эскерүүлөрүн жана карьералык жолун бөлүшөт.
8
Dec
2022
 
БААУ айылдык мектепке колдоо көрсөттү
Борбор Азиядагы Америкалык университети Чүй облусунун Аламүдүн районун О. Турсуматов атындагы Бер-Булак жалпы билим берүү орто мектебине 20 компьютер өткөрүп берди. Мектепте БААУнун президенти жана Бард-Колледждин вице президенти Джонатан Беккер жана БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев болуп кайтышты.
24
Nov
2022
 
БААУ, USAID жана Бард Колледж Makerspace Learning Center инновациялык долбоорун ишке киргизүүдө
Борбор Азиядагы Америка университети, USAID жана Бард Колледж “Makerspace Learning Center” (MLC) окутуу-конструктордук борборунун курулуш иштери башталгандыгын кубануу менен маалымдайт.
3
Nov
2022
 
БААУдан кийин: Версавия Гура өз кыялынын ишке ашырууда
Версавия Гура 2021-жылы БААУнун Окутуу боюнча магистрдик программасын аяктаган. Университетти бүтүргөндөн кийин ал Fulbright Окутууда мыктылык жана жетишкендик программасына кабыл алынып, учурда АКШнын Мэдисон шаарындагы Висконсин университетинде курстарды өтүүдө. Бул маекте Версавия студенттерди сүйгөн иштери менен алектенүүгө шыктандыруу үчүн өзүнүн окуясын бөлүшөт.
18
Oct
2022
 
БААУдан кийин: Басира Мир Махаммад 2 жыл ичинде 2 магистратураны аяктоо жана докторлук изилдөөнү улантуу тууралуу
Басира Мир Махаммад 2017-жылы БААУнун Антропология бөлүмүн аяктаган. Университетти бүтүргөндөн кийин, ал Португалиядагы Евора университетинде, Грециядагы Салоникидеги Аристотель университетинде жана Италиядагы Римдеги Сапиенца университетинде Археологиялык материалдар илими боюнча магистрдик даража алган. Учурда ал Германиядагы Макс Планк Адам тарыхы институтунда PhD даражасын алууга даярданууда. Бул маекте Басира өзүнүн академиялык максаттарына кантип жеткенин баяндап берет.
12
Oct
2022
 
БААУдан кийин: Мурсал Айобинин Йорк университетине тапшыруу сапары 2022-жылдын 12-октябры
Мурсал Айоби 2021-жылы БААУдан Психология бакалавр даражасын алган. Быйыл ал Улуу Британия өкмөтүнүн толук стипендиясы болгон “Chevening” стипендиясына ээ болуп, учурда Улуу Британиянын Хеслингтон шаарындагы Йорк университетинде билим алууда. Бул маекте Мурсал БААУда окуган тажрыйбасын жана магистратурага жетүү жолун баяндап берет.
24
Jun
2022
 
Get Engaged 2022 конференциясынын алкагында постер-сессия
Дүйшөмбү, 27-июнда Борбордук Азиядагы Америка университетинин форумунда (1-кабат) саат 16:00дөн 17:30га чейин Get Engaged 2022 конференциясынын алкагында постер-сессия орун алды.
10
May
2022
 
БААУнун алдындагы Тян-Шань аналитикалык борбору OSUN менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун алкагында студенттерди өз изилдөөлөрүн өткөрүү боюнча окутууну баштады
21-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) БААУнун Социология департаментинин ассоциативдик профессору, философия илимдеринин кандидаты, доцент Айжаркын Кожобекованын “Изилдөөлөрдү өткөрүү жана уюштуруу ыкмалары” аталышындагы лекциясы болуп өттү.


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028